Өлкөдөгү үч майнинг компаниянын сертификаттары жокко чыгарылды — Кабар

Өлкөдөгү үч майнинг компаниянын сертификаттары жокко чыгарылды

Экономика 21 ноябрь 2025 16:44
Өлкөдөгү үч майнинг компаниянын сертификаттары жокко чыгарылды
copyright icon WWW

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы үч майнинг компаниянын ишмердүүлүгүн токтотуу үчүн сертификаттарын жокко чыгарды.

Ведомствонун маалыматы боюнча, министрлер кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы №514 токтому менен бекитилген Майнинг ишмердүүлүгү боюнча сертификаттарды каттоо жана берүү тартибине ылайык жана ФМК жөнүндө жобонун 13-пунктуна (2021-жылдын 10-декабрындагы №300 токтому) ылайык, төмөнкү юридикалык жактардын сертификаттары 2025-жылдын 13-ноябрындагы №623-п буйругу менен жокко чыгарылды:

"ВиНЭТ" ЖЧК;

"Спецэнергомонтаж Кара-Балта" ЖЧК;

"Бай Лидер" ЖЧК.