Филиппинде “Калмаэги” тайфунунан каза болгондордун саны 66га жетти

Дүйнө Загрузка... 05 Ноябрь 2025 17:24
WhatsApp Image 2025-11-05 at 11.35.27.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 05.11.25 /Кабар/. Филиппинде “Калмаэги” тайфунунун кесепетинен каза болгондордун саны 66га жетти. Бул тууралуу Известия билдирди.

Филиппиндин жарандык коргонуу башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, каза болгондордун ичинен 49у Себу аралында, калгандары Батыш жана Чыгыш Висайя аймактарында, ошондой эле Негрос аралында катталган. Учурда дагы 26 адам дайынсыз жоголгон деп эсептелүүдө.

Тайфун негизинен 706 миңге жакын адамга кесепетин тийгизген. Алардын ичинен 348 миңге чукулу эвакуациялык борборлорго жайгаштырылган.

Буга чейин, 3-ноябрда бийлик өкүлдөрү катуу шамал, нөшөрлөгөн жаан жана 3 метрге чейин жеткен толкундар болорун эскертишип, 150 миңден ашык тургун коопсуз аймактарга эвакуацияланган.

Ошондой эле, борбордук Негрос аралынын тургундарына Канлаон вулканынын этегинде жашоо кооптуу экени айтылган. Анткени вулкан акыркы айларда улам-улам күл чачыратууда.

Тайфун жээкке жеткенде күчү азайганы менен, саатына 130 чакырым ылдамдыктагы шамал жана саатына 180 чакырымга чейин жеткен бороондор өлкөгө чоң зыян келтирген.