Филиппинде аскердик тик учак кулап, алты адам каза болду

Дүйнө 5 ноябрь 2025 17:35
Филиппинде  аскердик тик учак кулап, алты адам каза болду

Бишкек, 05.11.25 /Кабар/. Күн мурун Филиппиндин Агусан провинциясында Super Huey үлгүсүндөгү аскердик тик учак кулап, алты адам каза болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, тик учак Даваодон Бутуан шаарына тайфундун кесепеттерин баалоо жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн учкан төрт тик учактын бири болгон. Экипаж менен байланыш үзүлгөндөн кийин издөө-куткаруу операциясы башталган.

Учурда кырсыктын себептерин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, күн мурун Филиппинде "Калмаэги" тайфуну жүрүп, 66 адамдын өмүрүн алган. Болжол менен 387 миң адам коопсуз жайларга эвакуацияланган.