Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Түркиянын Анталия провинциясында нөшөрлөгөн жамгыр жана катуу шамалдан улам ири кыйроолор катталды. Бул тууралуу Euronews кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык түн ичинде болуп, Аксу жана Кумлужа райондоруна өзгөчө чоң зыян келтирген.
Аксу районундагы дарыянын үстүндө куюн пайда болуп, кайыктарды жээкке ыргытып, айрымдарын талкалаган. Ошондой эле күнөсканалар кыйрап, имараттардын чатырлары учуп, бак-дарактар кулап, электр зымдары үзүлгөн.
Түркияда күнөскана чарбасы өнүккөн аймактардын бири болгон Кумлужа районунда да айыл чарба объектилерине олуттуу зыян келтирилген.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү учурда аймакты тазалоо иштери жүрүп жатканын билдиришти.
Ошондой эле Кепез районундагы курулуш аянтчасында эки турак контейнер толугу менен талкаланып, курулуш краны кулап түшкөн. Эки жумушчу окуя болгон жерде каза болсо, дагы экөө ооруканада көз жумган.