Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Microsoft Corp. чыгымдарды жана жумушчу күчүн кыскартуу стратегиясынын алкагында болжол менен 60 миң кызматкерге ыктыярдуу жумуштан кетүү программасын жарыялады. Бул тууралуу Интерфакс жарыялады.
Маалыматка ылайык, сунуш АКШ, Канада, Индия жана Улуу Британиядагы айрым бөлүмдөрдөгү кызматкерлерге тиешелүү болот.
Сунушту кабыл алган кызматкерлер жумуштан бошосо төлөмдөрдү жана жөлөк пулдарды алышат.
Microsoft’тун кызматкерлеринин саны июнь айынын аягында 223 миң адамды түзгөн. Бул көрсөткүч 2022-жылдан бери, компания жасалма интеллектке жана маалымат борборлоруна инвестицияларды көбөйтө баштагандан бери дээрлик өзгөргөн жок.
Июль айында Microsoft пенсия курагындагы болжол менен 8750 кызматкерине өз ыктыяры менен жумуштан кетүүнү сунуштаган.