Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Индонезиянын Малуку провинциясындагы аралдардын аймагында күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу жергиликтүү сейсмологиялык кызматка таянып, ТАСС билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Ару аралынан түштүк-батыш тарапта жайгашты.
Силкинүү Индонезиянын айрым аймактарында да сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн жок.
Ошондой эле цунами коркунучу жок экени кабарланды.