Иорданияда Telegram тиркемеси бөгөттөлдү

Дүйнө
Иорданияда Telegram тиркемеси бөгөттөлдү
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Иорданиянын бийлиги улуттук коопсуздукка коркунуч жаралгандыгына байланыштуу өлкө аймагында Telegram тиркемесине кирүүгө бөгөт койду. Бул тууралуу Kazinform агенттиги билдирди.

Иорданиянын Коомдук коопсуздук башкармалыгы 16-ноябрда билдиргендей, мессенжер экстремисттик жана радикалдык материалдарды таратуу, ошондой эле коркутуу жана опузалап акча талап кылуу сыяктуу киберкылмыштарды жасоо үчүн колдонулган.

Мекеме бөгөт коюунун мөөнөтү жана мессенжерге кирүү мүмкүнчүлүгүн калыбына келтирүү шарттары тууралуу маалымат берген жок.

Бийлик жарандарды социалдык тармактарды колдонууда сак болууга, шектүү шилтемелерге кирбөөгө жана белгисиз аккаунттар менен байланышпоого чакырды.