Бишкек, 16.11.26 /Кабар/. Колумбиянын түштүк-батышында жүргүнчү ташыган автобус оодарылып, 8 адам каза болду. Дагы 20 адам жаракат алды. Бул тууралуу Kazinform агенттиги билдирди.
Кырсык №45 улуттук унаа жолунда болгон. Флоренсия шаарынан өлкөнүн борбору Боготага бара жаткан автобус оодарылып кеткен.
Алдын ала маалымат боюнча, каза болгондордун арасында эки бала бар. Учурда бийлик өкүлдөрү жабыркагандардын жана каза болгондордун так санын аныктап, алардын өздүгүн тактап жатышат.
Кырсык болгон жерге жол полициясынын кызматкерлери, өрт өчүрүүчүлөр жана жолду тейлеген компаниянын өкүлдөрү келишкен. Алар куткаруу жана шашылыш жардам көрсөтүү иштерин координациялашкан.
Жабыркагандар ооруканаларга жеткирилди. Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат. Алдын ала божомол боюнча, айдоочу рулда баратып көз ирмемге үргүлөп кетип, автобусту башкара албай калган болушу мүмкүн.