Metaга Facebook үчүн 805 млн евро айып салынды

Дүйнө
Metaга Facebook үчүн 805 млн евро айып салынды
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Италиянын жөнгө салуучу органы Meta компаниясынын Ирландиядагы бөлүмүнө Facebook тиркемеси аркылуу Android смартфондорундагы колдонуучулардын сүрөттөрүнө жана видеолоруна алардын макулдугусуз киргени үчүн 805 млн евро айып салды.

Anadolu агенттигинин маалыматына ылайык, Facebook тиркемеси 2023-жылы ишке киргизилген "Facebook колдонуп жатканда галереядан сунуштарды алуу" функциясы аркылуу колдонуучулардын сүрөттөрүнө, видеолоруна жана аларга байланыштуу маалыматтарга атайын уруксатсыз кирген.

Жөнгө салуучу орган компанияга бул функцияны 60 күндүн ичинде өчүрүү тапшырмасын берди. Тергөө 2025-жылдын июль айында Болцано шаарындагы Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо борборунун кайрылуусунан кийин башталган.

Айыптын өлчөмүн аныктоодо Италиядагы Android колдонуучуларынын саны, мыйзам бузуу канча убакытка созулганы жана компаниянын тергөө учурундагы кызматташтыгы эске алынган.