Facebook жана Instagram`да балдар үчүн коопсуздук күчөтүлөт

Дүйнө 27 августа 2026 09:10
WhatsApp Image 2026-08-27 at 06.19.38.jpeg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Meta компаниясы Facebook жана Instagram социалдык тармактарындагы балдардын коопсуздугун күчөтүү боюнча чараларды көрөт. Бул тууралуу АКШнын бир катар штаттарынын башкы прокурорлору билдиргенин Euronews басылмасы жазды.

Ошондой эле компания өспүрүмдөрдүн социалдык тармактарга көз карандылыгы боюнча соттук доолорду жөнгө салуу үчүн 17 млрд доллар төлөөгө макул болду.

Доолор Meta балдардын психикалык саламаттыгына терс таасир эткен, көз карандылык жаратуучу функцияларды атайын иштеп чыккан жана 13 жашка чейинки балдардын ата-энесинин макулдугусуз маалыматтарын системалуу түрдө чогулткан деген айыптоолорго байланыштуу берилген.

Макулдашуунун алкагында компания балдар үчүн Instagram жана Facebook колдонуу убактысына күнүмдүк чектөө киргизип, милдеттүү тыныгууларды уюштурат. Ошондой эле иш күндөрү окуу маалында push-билдирмелер өчүрүлөт.

Мындан тышкары, колдонуучулардын жашын текшерүү механизмдери күчөтүлүп, жаш курагына ылайык контент жөндөөлөрү киргизилет. Тамактануунун бузулушу жана өзүнө зыян келтирүү тууралуу зыяндуу материалдардын жеткиликтүүлүгү чектелет.

Компания ата-энелер үчүн көзөмөлдөө жана чектөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, социалдык салыштырууга түрткү берген функцияларды, анын ичинде "лайктардын" санын көрсөтүүнү чектейт.

Келишим АКШнын 47 штатында берилген доолорду жөнгө салууга багытталган.