Голливудда кино легендаларына ардактуу “Оскар” сыйлыгы тапшырылды

Дүйнө
Голливудда кино легендаларына ардактуу “Оскар” сыйлыгы тапшырылды
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Голливудда эмгеги сиңген кино ишмерлерине ардактуу “Оскар” сыйлыгы тапшырылды. Сыйлыктар ээлерине Лос-Анжелес шаарында Governors Awards аземинде ыйгарылганын Anadolu кабарлайт.

Анда белгиленгендей, бул жолу сыйлыкты актриса Гленн Клоуз менен британиялык режиссёр Ридли Скотт кинематографиянын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн алышты. 79 жаштагы Гленн Клоуз үчүн бул анын карьерасындагы алгачкы “Оскар” болду. Ал кинодо 50 жылдан ашык убакыттан бери эмгектенип, бул сыйлыкка сегиз жолу көрсөтүлгөн. Актриса “Өлүмгө алып келген азгырык”, “Кооптуу байланыштар” жана “Жубай” тасмаларындагы ролдору үчүн талапкер болгон, бирок жеңишке жеткен эмес.

Ошондой эле 88 жаштагы режиссёр Ридли Скоттго да бул ардактуу сыйлык ыйгарылды. Ал “Бөтөн планеталык”, “Блэйд Раннер” жана “Гладиатор” сыяктуу белгилүү тасмаларды тарткан. Режиссёр буга чейин төрт жолу “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлгөн. Өзү аземге катыша албагандыктан, уюштуруучуларга видео кайрылуу аркылуу ыраазычылык билдирди.

Сыйлыктын дагы бир ээси — 91 жаштагы аниматор Флойд Норман болду. Ал 1956-жылы Walt Disney Animation Studios студиясында иштеген алгачкы кара түстүү аниматор болгон. Норман “Уйкудагы сулуу, “Жунгли китеби” жана “Мулан” мультфильмдерин жаратууга катышкан.

Ал эми көз карандысыз Killer Films киностудиясынын негиздөөчүлөрү, продюсерлер Кристин Вашон менен Памела Коффлер кино өндүрүшүндөгү жетишкендиктери үчүн Ирвинг Талберг атындагы сыйлык менен сыйланышты.

Салтанат Ovation Hollywood комплексинде өттү. Governors Awards аземи 2009-жылдан бери “Оскар” сыйлыгын тапшыруунун негизги аземинен өзүнчө өткөрүлүп келет. Анда кино тармагына өзгөчө салым кошкон ишмерлер сыйланат.

Белгилей кетсек, ардактуу “Оскар” сыйлыгы кино тармагына көп жылдар бою эмгек сиңирген жана анын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон ишмерлерге тапшырылат. Ал кадимки “Оскар” сыйлыгынан айырмаланып, белгилүү бир тасмадагы ролу же иши үчүн эмес, жалпы чыгармачылык жетишкендиктери үчүн берилет.