FIFA президенти Жанни Инфантино Өзбекстанга келди

Борбор Азия 8 сентябрь 2025 12:31
FIFA президенти Жанни Инфантино Өзбекстанга келди

Ташкент, 09.08.25. /Кабар/. Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) президенти Жанни Инфантино Өзбекстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол ассоциациясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Сапардын алкагында Инфантино Өзбекстанда футболду өнүктүрүүгө байланышкан долбоорлорду талкуулап, Улуттук футбол борборунун иши менен таанышат. Ошондой эле ал CAFA Nations Cup 2025 турниринин финалдык беттешине катышат.

Маалыматка ылайык, FIFA президенти спорт тармагындагы жетекчилер менен жолугушуп, келечектүү демилгелерди талкуулап, өлкөдөгү ири спорттук объектилерди да көрүп чыгат.