ФИФА футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тумарларын тандады

Спорт Загрузка... 26 Сентябрь 2025 09:46
66623a2c-0dc9-4ae3-a7b2-236cd12d5631.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. ФИФА 2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тумарларын тандады.

ФИФАнын расмий сайтында багыш Мэйпл (Канаданын өкүлү), ягуар Заю (Мексика) жана бүркүт Клатч (АКШ) талисмандар катары көрсөтүлдү.

Алар 2026-жылдагы дүйнө чемпиондугун өткөрө турган өлкөлөрдү символдоштурат.

ФИФАнын президенти Жанни Инфантино Мэйпл, Заю жана Клатч дүйнө чемпионатынын өзү сыяктуу кубанычка, энергияга жана биримдиктин духуна бай экенин билдирди.

Белгилей кетсек, чемпионаттын тумарлары 1966-жылы Англияда өткөн оюндан тартып турнирдин ажырагыс бөлүгү болуп калды.

Алдыдагы мелдеш 16-болуп саналат.

Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2026-жылдын 11-июнунан 19-июлуна чейин өтөт.