Бишкек 12.06.25 /Кабар/. Бишкек эл аралык кинофестивалы Кыргызстандын гана эмес, Борбор Азия аймагындагы маанилүү маданий иш-чаралардын катарына кирип, өлкөбүздүн маданий жүзү, улуттук бренди болууга жетишти. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев кинофестивалдын ачылышын жасап жатып айтты.
Президенттин колдоосу менен акыркы жылдары кыргыз киносуна болгон мамиле түп тамыры менен өзгөрүп жаткандыгын белгилеген министр, “Бишкек эл аралык кинофестивалы 2023-жылы өлкө башчысы Садыр Жапаровдун демилгеси менен негизделген.
Учурда кинематография тармагында көп багыттар боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Эл аралык стандарттарга жооп бере турган инфратүзүм, кино мекемелеринин базасын жаңылоо иштери жолго салынууда. Тартылып жаткан тасмалардын сандык көрсөткүчтөрү менен катар сапатына да чоң басым жасалууда. Акыркы бир жылда 52 тасма, анын ичинде сериалдар, анимациялык жана толук метраждуу фильмдер тартылып элге тартууланды. Бул өлкө жетекчилигинин маданиятты жана искусствону өстүрүүгө болгон колдоосу болуп саналат”, - деди.
Бишкек эл аралык кинофестивалы 2023-жылдан бери өткөрүлүп келет.
“Кыска убакытта кинофестиваль Кыргызстандын гана эмес, Борбор Азия аймагындагы маанилүү маданий иш-чаралардын катарына кирип, өлкөбүздүн маданий жүзү, улуттук бренди болууга жетишти. Күн санап фестивалга кызыгуулар артып, катышуучу өлкөлөрдүн саны да өсүүдө. Бул жолку III Бишкек эл аралык фестивалына 33 мамлекеттен 120 катышуучу келди. Ал эми конкурстук программада кырк тасма көрсөтүлүп, фестивалдын алкагында төрт тасманын бет ачары өткөрүлөт. Бул күндөрү кинофестиваль чыгармачылык диалогдун, жаңы идеялардын, тажрыйба алмашуунун аянтчасына айланат жана маданият аркылуу достук мамилелердин бекемделишине өбөлгө түзөт. Биз фестивалдын деңгээлин А класстык деңгээлге чыгарууга жана улуттук кинематографияны дүйнөлүк аренага таанытууга чоң умтулуу менен карайбыз. Бул максатка жетүү үчүн күч-аракетибизди жумшайбыз”, - деди министр.
11-июнда ачылышы жасалган кинофестиваль 15-июнга чейин уланып, Борбор Азия сынактарынын алкагында чет элдик режиссерлордун кино тасмалары көргөзүлүп, форумдар, атайын көрсөтүүлөр, мастер-класстар менен коштолот.