Фергана өрөөнүнүн жетекчилери тынчтыкты колдогон флешмоб башташты

Борбор Азия Загрузка... 20 Октябрь 2025 15:34
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 20.10.25. /Кабар/. Фергана, Согд жана Баткен облустарынын жетекчилери Борбор Азиядагы тынчтыкты жана достукту колдоо максатында биргелешкен жапырт демилге (флешмоб) башташты. Бул тууралуу «Дунё» маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 15–16-октябрда Фергана шаарында өткөн Тынчтык форумуна арналган БУУнун Саясат жана тынчтык орнотуу департаментинин билдирүүсү эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурду. Форумдун жүрүшүндө үч облусунун жетекчилери кол алышуу аркылуу өз ара ынтымактын жана боордоштуктун үлгүсүн көрсөтүшкөн.

Бул демилге социалдык тармактарда кеңири колдоо тапты. Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жарандары аймактагы тынчтыкты жана ынтымакты колдоо максатында кол алышкан сүрөттөрүн жана видеолорун бөлүшүп, #PeaceInCentralAsia аталышындагы акцияга катышууда.

Иш-чарага эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да кошулду. Алардын катарында БУУнун Борбор Азия боюнча превентивдик дипломатия борборунун жетекчиси Каха Имнадзе, ЕККУнун директору Кейт Фирон жана Европа Бирлигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс бар.

Жапырт демилге аймактагы мамлекеттердин, жарандык коомдун жана эл аралык өнөктөштөрдүн тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу багытындагы биримдиктүү аракетин чагылдырды.