Бишкек, 18.11.25 /Кабар/. Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин азыркы президент Садыр Жапаровго жакында жасаган кайрылуусуна өз пикирин билдирди. Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Куловдун айтымында, Атамбаевдин билдирүүсүнүн эмоционалдык резонансы күтүлгөн эле, учурдагы социалдык тармактарда кандай гана саясий билдирүү болбосун, тез арада курч талкууга айланат.
Ал белгилегендей, айрым тааныштары андан өз позициясын билдирүүнү суранып, мындай билдирүүлөр шайлоо алдында өлкөдөгү туруктуулукка таасир этиши мүмкүн экендигин белгилешкен.
«Ар бир адамга өзүнүн көз карашын айтууга укук берилген, бирок, эгер ал мыйзам чегинде айтылса», — деди Феликс Кулов.
Ал белгилегендей, Атамбаев өзүнүн мөөнөтүндөгү энергетика саясатына баа берүүгө аракет кылган, бирок Куловдун пикиринде бул маселелерди адистерге калтыруу керек.
Кулов Атамбаевдин айрым мамлекеттик объектилерди куруудагы мүмкүн болгон мыйзам бузуулар боюнча билдирүүсүнө комментарий берип, бир катар маселелер боюнча зарыл болгон түшүндүрмөлөр мурда эле берилгенин айтты.
Феликс Кулов белгилегендей, Садыр Жапаров кызматка киришкендей кийин БАЭде мурдагы президенттер менен жолугушуу өткөргөн. Анын максаты улуттук биримдикти чыңдоо болгон.
Ал ошондой эле мамлекет башчысы соттун чечимдерин жокко чыгаруу маселесин көтөрө албастыгын, анткени бул анын ыйгарым укуктарына кирбей турганын баса белгиледи.
Кулов кайрадан айрым маселелерди карап чыгууну сунуштап, анын ичинде «ырайым берүү», өзгөчө саясий оппоненттерге, аялдарга жана журналисттерге карата.
Кой-Таштагы окуялар жөнүндө айтып жатып, Атамбаевдин кылмыш жоопкерчилиги жок экенин, бирок моралдык жана саясий жоопкерчилиги бар экенин белгиледи. Ал мурдагы президент куралдуу кагылышууга жол бербөөгө жана сотко өз ыктыяры менен келүүгө милдеттүү экенин эскертти.
Кулов ошондой эле Азиз Батукаевдин иши боюнча комментарий берип, Атамбаев өзү президенттик кызматта турганда бардык чечимдер мыйзамдын чегинде гана кабыл алынышы керектигин жана соттолгон адамды бошотуу укук коргоо органдарынын гана милдети экенин айтканын белгиледи.
Жыйынтыктап айтканда, Кулов Атамбаев соттолгонун жана азыр өлкөдөн тышкары жүргөнүн, бул коомдо суроолорду жаратып жатканын белгиледи. Ал биримдикти чыңдоо саясаты улантылышы керек, бирок мүмкүн болгон ырайым берүүлөр эки тараптуу кадам жана биригүүгө даярдык менен гана ишке ашуусу керек деп эсептейт.
"Элдешүүгө жана биримдикке карай багыт - бул алсыздыктын эмес, мамлекеттин жетилгендигинин белгиси", - деп жыйынтыктаган Феликс Кулов.