Бишкек, 03.07.25./Кабар/. БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) токой чарбачылыгы жаатындагы эл аралык эксперти Широма Сатьяпала 23-июндан 2-июлга чейин жумушчу сапары менен Кыргызстанда болду.
Анын сапарынын негизги максаты Кыргызстандын токойлорунда кездешкен токой илдеттери жана зыянкечтерге каршы күрөшүү жаатында тажрыйба алмашуу жана маселелерди жеринде изилдөө болгон.
Сапардын алкагында эксперт Жалал-Абад облусундагы токой чарбаларында болуп, жаңгак токойлорундагы илдеттер жана зыянкеч көпөлөктөрдү жеринен көрдү.
Ошондой эле Токой кызматынын адистери менен жолугушуп, кызматтын учурдагы ишмердүүлүгү, көйгөйлөрү жана келечек пландары тууралуу пикир алышты.
Мындан тышкары, ФАО өкүлү токой чарба адистери менен биргеликте Чүй облусундагы Кегети капчыгайындагы кызыл карагайлуу токойдо кара-коло түстөгү кызыл карагай мурутчасы (сосновый усач) аттуу карантиндик зыянкечтен жабыркаган аймактарды жеринен көрүп чыкты. Ал бул зыянкеч Кыргызстандын токой экосистемасына олуттуу зыян келтирип жатканын белгиледи.
Ошондой эле феромен тузакчаларын, дагы башка убактылуу коюлган тузактарды көрүп, ага каршы жабыркаган карагайларды кыркып, өрттөгөн жергиликтүү адистердин аракетин жогору баалады.
Ал каратиндик зонада жабыркаган карагайларды жөн эле кыркып өрттөп салбай, атайы станок менен майдалап иштете турган ишкана куруп иштетиш керек деген оюн айтып, кыркылган дарактын ордуна башка дарактарды тигүүнү сунуштады.
ФАО уюмунун өкүлү Кыргызстан менен токой чарбачылыгы жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө, биргелешкен аракеттерди улантууга жана токой экосистемасын сактоо боюнча тажрыйба алмашууга даяр экенин билдирди.
Эелгиленгендей, эксперт Кыргызстандагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу атайын чакыртылган.
Анын жумушчу сапары Кыргызстандын токой чарбасы үчүн чоң мааниге ээ жана аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга, зыянкечтерге каршы күрөштү күчөтүүгө олуттуу салым кошору шексиз.