Фактыларды текшерүү жана маалыматты так берүү: Журналисттер медиамектепте

Коом Загрузка... 11 Декабрь 2025 12:00
WhatsApp Image 2025-12-11 at 11.30.48.jpeg
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.12.25 /Кабар/. Бүгүн Бишкекте кыргызстандык журналисттер жана болочок журналисттер медиамектепке катышууда.

Анда “Россия Сегодня” медиа тобунун башкы директорунун кеңешчиси Турал Керимов катышуучулар менен өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, табигый кырсык учурунда журналисттин ишмердүүлүгү кандай болушу керектиги тууралуу боюнча баяндама жасоодо.

Медиамектеп “Евразия” коммерциялык эмес уюму тарабынан Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттары менен тажрыйба алмашуу жана журналисттик кесипти өнүктүрүү максатында уюштурулган.

Белгилей кетсек, медиамектеп эртең дагы уланат.

Иш-чаранын жүрүшүндө журналисттерге ар кандай темаларда, анын ичинде табигый кырсыктар учурундагы журналисттердин ишмердүүлүгү, маалыматты так берүү, фактыларды текшерүү боюнча маалымат берилмекчи.