Ташкент, 07.10.25. /Кабар/. Өзбекстандын футбол ассоциациясы италиялык адис Фабио Каннаваро менен улуттук кураманы жетектөө боюнча келишимге кол койгонун кабарлады.
Маалыматка караганда, жаңы машыктыруучу командага европалык тартип менен заманбап оюн стилин киргизип, кураманы дүйнө чемпионатына чыгарууну максат кылат.
Фабио Каннаваро — дүйнөлүк футболдо белгилүү. Ал “Ювентус”, “Реал” жана “Парма” клубдарында ойногон, 2006-жылы дүйнө чемпиону жана “Алтын топ” сыйлыгынын ээси болгон.
Эске салсак, Өзбекстандын курамасы быйыл биринчи жолу 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын финалына жолдомо алган.