"Евровидение-2026" сынагынын бардык финалисттери белгилүү болду

Дүйнө Загрузка... 15 Май 2026 11:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Австриянын борборунда "Евровидение" музыкалык сынагынын экинчи жарым финалы өттү. Бул тууралуу BBC орус кызматы билдирди.

Бул күндүн жыйынтыгы боюнча финалга дагы 10 катышуучу жолдомо алды:

  • Албания (ырчы Алис, "Nân" ыры);
  • Австралия (Дельта Гудрем, "Eclipse");
  • Болгария (Дара, "Bangaranga");
  • Кипр (Антигони, "Jalla");
  • Украина (LELÉKA, "Ridnym");
  • Чехия (Даниэль Жижка, "Crossroads");
  • Дания (Сёрен Торпегор Лунн, "Før Vi Går Hjem");
  • Мальта (Айдан, "Bella");
  • Румыния (Александра Кэпитэнеску, "Choke Me");
  • Норвегия (Юнас Лов, "Ya Ya Ya").

Финалда аларга биринчи жарым финалдын 10 жеңүүчүсү (Израиль, Бельгия, Хорватия, Финляндия, Греция, Литва, Молдова, Польша, Сербия жана Швеция), ошондой эле Австрия (иш-чараны өткөрүп жаткан өлкө катары), Улуу Британия, Франция, Германия жана Италия (музыкалык берүүчүлөрдүн2чоң төрттүгүнүн" өкүлдөрү катары) кошулат.

Сынактын финалы ишемби күнү кечинде болору белгиленген.