Европадагы кыргызстандыктардын арасында "Көчмө кубок" турнири өттү

Спорт Загрузка... 18 Апрель 2025 09:56
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 18.04.25. /Кабар/. Германиянын Гамбург шаарында кыргыз диаспорасы тарабынан уюштурулган "Көчмө кубок" эл аралык V турнири өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Бул турнир жыл сайын өткөрүлүп, Германиядагы жана башка Европа өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар үчүн маанилүү иш-чаралардын бири болуп саналат.

Иш-чарага Кыргызстандын Германиядагы элчилиги катышты.

12-апрелде өткөн турнирдин ачылышында Кыргызстандын элчилиги бардык катышуучуларды турнирдин башталышы менен куттуктап, калыс оюн, спорттук дух жана командалык биримдик каалады.

Турнирге Европанын 6 мамлекетинен жалпысынан 30 команда катышты: Германиядан – 22 команда, Польшадан – 3 команда, Чехиядан – 2 команда, Словакия жана Литва өлкөлөрүнөн бирден команда. Жалпы оюнчулардын саны болжол менен 350 адамды түзүп, көрүүчүлөр менен күйөрмандардын саны 500дөн ашты.

Мелдештин жыйынтыгында биринчи орунду Германиядан келген "Каганат" командасы, экинчи орунду Варшава шаарынан (Польша) келген "Каганат" командасы алды, үчүнчү орун FC Гамбург командасына ыйгарылса, төртүнчү орун Франкфурт-на-Майне шаарынан келген командага тийди.