Европадагы кургакчылык: дарыялар тайыздап, айыл чарба чыгымы өсүүдө

Дүйнө Жүктөлүүдө... 07 Август 2026 11:25
News_73231555427700333297450441676559238319.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 07.08.26. /Кабар/. Европанын бир катар өлкөлөрүндө 40 градустан ашкан ысык аба ырайы уланып, кургакчылык, токой өрттөрү жана суу тартыштыгы күчөдү. Бул тууралуу Ведомости маалымат порталы жазды.

Бул абал транспорт, энергетика жана айыл чарба тармактарына таасирин тийгизүүдө.

Маалыматка ылайык, катуу ысыктан улам Европадагы ири дарыялардын деңгээли төмөндөп, жүк ташуу кыйындаган. Айрыкча Германиядагы Рейн жана бир катар өлкөлөр аркылуу өткөн Дунай дарыяларында суунун азайышы байкалууда.

Кургакчылык айрым атомдук электр станциялардын ишине да таасирин тийгизди. Дарыялардагы суунун азайышы жана температуранын жогорулашы алардын муздатуу системаларына кыйынчылык жаратууда.

Ошондой эле ысык аба ырайы айыл чарбасына зыян келтирип, дан эгиндеринин түшүмү боюнча божомолдор төмөндөгөн. Франция, Венгрия, Испания жана Германия сыяктуу өлкөлөрдө дан өндүрүшүнө олуттуу таасир тийген.

Мындан тышкары, кургакчылыктан улам Франция, Испания жана Грецияда ири токой өрттөрү катталып, миңдеген гектар жер күйдү. Адистердин айтымында, аптап ысык климаттык гана эмес, экономикалык тобокелдикке да айланып жатат.