Европада газдын запасы 80%дан ашты

Коом Загрузка... 16 Сентябрь 2025 11:33
WhatsApp Image 2025-09-16 at 10.22.16.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. Европада газдын жер астындагы запастарынын деңгээли 80%дан ашты. Бул тууралуу Интерфакс Gas Infrastructure Europe платформасынын маалыматтарына таянып жазды.

Ага ылайык, 12-сентябрда газ запастарынын орточо деңгээли аймакта 80,13%ды түздү. Жекшемби күнү эртең менен резервдер 80,34%га чейин өскөн.

Запастардын азыркы деңгээли акыркы беш жылдыктын орточо деңгээлинен 6,8 пайызга төмөн.

Өткөн жылдагы жылытуу мезгилинде кыш суу болгондуктан, Европа кампалардагы резервдерди активдүү колдонгон. Европа биримдиги алдыдагы жогорку атаандаштыктын шарттарында кышка даярданууда. Жалпысынан 2025-жылдын аягына чейин аймак 106 млн тонна газ импорттошу мүмкүн, бул 2024-жылга салыштырмалуу бир аз көп.