Европа өлкөлөрүнө 20 жыл бою жабык турган аэропортторубуз кайрадан ачылат - президент

Коом Загрузка... 08 Сентябрь 2025 13:22
WhatsApp Image 2025-09-08 at 13.22.36.jpeg
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.09.25 /Кабар/. Европа өлкөлөрүнө 20 жыл бою жабык турган аэропортторубуз кайрадан ачылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Нарын” аэропортунун расмий ачылышында айтты.

Өлкө башчысынын билдирүүсү боюнча Кыргызстан авиация жаатында эл аралык деңгээлдеги кадамдарды таштап жатат.

“Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгуу боюнча акыркы этапка келдик. Алдыда, 7-октябрда биздин Жарандык авиация агенттигинин делегациясы Брюсселде Еврокомиссия менен маанилүү жолугушуу өткөрөт. Андан кийинки акыркы аудит 2025-жылдын декабрь айында болот.

Ошентип, 2006-жылдан бери жабык турган Европа асманы Кыргызстан үчүн кайрадан ачыларына биз бекем ишенебиз. Биздин аэропортторубуз Европа өлкөлөрүнө 20 жыл бою жабык туруп, эми Кудай буюрса, мына кайрадан ачылат. Бул биздин өлкө Европа өлкөлөрүнүн миллиондогон туристтери үчүн жеткиликтүү болот дегенди билдирет. Буюруса, Кыргызстан таза табиятты, көөнө маданиятты жана жаңы багыттарды жогору баалаган ири рынокко чыгат”, - деди ал.