Европа биримдигинен 6 байкоочу Кыргызстандагы шайлоого байкоо жүргүзөт

Шайлоо 25 Ноябрь 2025 11:22
585507354_1257634769739846_6019873870690190691_n.jpg
587035439_1257634579739865_2634232217363778868_n.jpg
587294603_1257634489739874_2830954527958464472_n.jpg
588014105_1257634339739889_6139608569426624772_n.jpg
589095076_1257634469739876_941796447002093292_n.jpg
589382639_1257634709739852_2490361662073002394_n.jpg
Алдыга
Артка
585507354_1257634769739846_6019873870690190691_n.jpg
587035439_1257634579739865_2634232217363778868_n.jpg
587294603_1257634489739874_2830954527958464472_n.jpg
588014105_1257634339739889_6139608569426624772_n.jpg
589095076_1257634469739876_941796447002093292_n.jpg
589382639_1257634709739852_2490361662073002394_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon БШК

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолукту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата даярдыктардын жүрүшү, ошондой эле шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында эл аралык өнөктөштөр менен өз ара кызматташуу маселелери талкууланды.

Шайназаров Кыргызстан эл аралык байкоочулардын кеңири катышуусуна ачык экенин белгиледи. 24-ноябрга карата БШК 58 мамлекеттен 770 эл аралык байкоочуну аккредитациялады.

Өз кезегинде Реми Дюфло Кыргызстандагы парламенттик шайлоолорго ЕБден алты байкоочу катышарын маалымдады. Ал аралыктан добуш берүүнү уюштуруу тартибине, талапкерлер менен иштөөдө белгиленген процедураларды сактоо жаатына, үгүт маалында мыйзамда каралган чаралардын колдонушуна, ошондой эле талапкерлердин жыныстык жана этностук өкүлчүлүгүнө кызыгуу билдирди.

Бардык суроолор боюнча Тынчтык Шайназаров кеңири жана толук маалымат берди.

Ошондой эле чет өлкөдө жашаган Кыргызстандын жарандарынын добуш берүүсүнүн өзгөчөлүктөрү жана аларды өз убагында маалымдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө алдыдагы шайлоодо колдонулуучу аралыктан добуш берүүнүн жаңы шайлоо жабдуулары да салттуу түрдө көрсөтүлдү.