Европа биримдиги Кыргызстанга жаңы өкүлүн дайындады — Кабар

Европа биримдиги Кыргызстанга жаңы өкүлүн дайындады

Саясат 13 октябрь 2025 10:15
560707214_1224167983080043_967673199460497966_n.jpg
561152648_1224167866413388_2315989311626962505_n.jpg
Алдыга
Артка
560707214_1224167983080043_967673199460497966_n.jpg
561152648_1224167866413388_2315989311626962505_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 13.10.25. /Кабар/. Күн мурун тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфлодон ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

Жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечектеги багыттарын, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан ар кандай программалар менен долбоорлорду ишке ашыруу пландарын талкуулашты.

Медер Абакиров Европа биримдиги менен кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын өз ара ишенимге жана урматтоого негизделген мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде Реми Дюфло эки тараптуу байланыштар мындан ары дагы бекемделе берет деген ишенимин билдирип, өз тараптан зарыл көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу жана көп тараптуу форматтардагы иш-чаралардын күн тартиби талкууланды.