Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Бишкекке келет

Саясат Загрузка... 03 Февраль 2026 18:00
o_sullivan_6e7b208e47f03ea9cb9457631fdd3020_480x270.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Европа биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан видеоконференция режиминде жолугушуу өткөрдү.

Тараптар санкциялар, ошондой эле финансылык-экономикалык кызматташуу маселелери боюнча конструктивдүү жана мазмундуу диалогду улантууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Кызматташтыктын туруктуулугун жана алдын алууну камсыз кылуу максатында санкциялык тобокелдиктерди азайтуу үчүн үзгүлтүксүз консультацияларды жүргүзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

26-февралда Европа биримдигинин Санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливандын Кыргызстанга иш сапары пландаштырылууда, анын жүрүшүндө жогоруда айтылган маселелер боюнча талкуу улантылат.