“Евразия” дүкөнү пенсионерлердин жолугуучу жайына айланууда – Жамгырчиева

Коом 30 сентябрь 2025 12:10
WhatsApp_Image_Jrx06s8.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_v3MMt8C.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_PHNhBiI.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90 (1).webp
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_Jrx06s8.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_v3MMt8C.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_PHNhBiI.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90 (1).webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунун Сүйүмбаев жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде үчүнчү “Евразия” социалдык дүкөнү ачылды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов райондук администрациясынын аппарат башчысы Назгүл Жамгырчиеванын айтымында, жаңы мекеменин ачылышы өзгөчө мааниге ээ. Учурда бул райондо үч социалдык кызмат көрсөтүүчү дүкөн иштеп жатат.

Бул тургундардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, адилеттүү жана камкор шаар чөйрөсүн түзүү үчүн маанилүү кадам болуп саналат.

““Евразия” социалдык дүкөндөрү эң керектүү азык- түлүктөрдү арзан баада сунуштайт. Мындан тышкары, алар шаар тургундары үчүн баарлашуу жана жолугушуулар үчүн жай болууда. Өзгөчө баанын өсүшү жана үй-бүлөлөрдүн ар кандай киреше деңгээли шартында”, - деди ал.

Жамгырчиева белгилегендей, улуу муунга камкордук көрүү жана бардык тургундарга ыңгайлуу шарттарды түзүү райондун өнүгүүсүндөгү артыкчылыктуу багыт бойдон калууда.