"Евразия" оюн-зоок паркы Кыргызстан менен Россиянын бекем достугунун символу — Аршинова

Коом Загрузка... 29 Август 2025 09:10
WhatsApp Image 2025-08-29 at 00.11.03.jpeg
copyright icon Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.08.25. /Кабар/. "Евразия" оюн-зоок паркы Кыргызстан менен Россиянын бекем достугунун символу. Бул тууралуу "Евразия" автономдуу коммерциялык эмес уюмунун төрайымы Алена Аршинова парктын ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында, бул эс алуу жайы ЕАЭБдин түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата Кыргызстанга белек катары тартууланып, парктын жалпы аянты 10 гектарды түзөт.

"Бул жерде балдар сүйгөн, эң керектүү бардык шарттар каралган. Жалпысынан 30дан ашуун заманбап аттракцион орнотулган, алардын катарында "Улан" аттуу орус дөңсөөсү да бар. Биз паркты толук камсыздоого даярбыз. Ал жыл бою иштеп, бардык аттракциондор акысыз кызмат көрсөтөт", — деди Аршинова.

Ал белгилегендей, Кыргызстан менен Россия улуттук жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга өзгөчө маани берет, бул парк анын айкын мисалы.