Бишкек, 24.07.25. /Кабар/. Бишкекте автономдук коммерциялык эмес уюм тарабынан негизделген "Евразия" эл аралык сынагынын бат ачары өттү. Сынактын жалпы байге фонду 25 млн рублды түзөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында сынактын байкоочу кеңешинин мүчөсү Алина Молдокеева билдирди.
Анын айтымында, ар бир номинация боюнча үч жеңүүчү аныкталат:
- биринчи орунга — 1 млн рубль;
- экинчи орунга — 500 миң рубль;
- үчүнчү орунга — 200 миң рубль берилет.
"Сыйлык коомдук, экономикалык жана маданий өнүгүүгө, элдик дипломатияны чыңдоого, тарыхый эскерүүлөрдү сактоого жана Евразия өлкөлөрүнүн ортосундагы маалымат тоскоолдуктарын жоюуга кайталангыс салым кошкондорго ыйгарылат", - деп айтылат маалыматта
Сынактын номинациялары:
- "Тынчтык тили";
- "Маданий код";
- "Евразиянын лидери";
- "Жүрөктөн чакыруу";
- "Урпактардын эскерүүсү";
- "Жүрөктүн иши";
- "Евразиянын үнү";
- "Достук көпүрөлөрү";
- "Жаркын башталыш";
- "Коомдук таанылыш".
Молдокеева бул жылы сынак өзгөчө мааниге ээ болуп, элдик дипломатиянын 100 жылдыгына арналып жатканын белгиледи.
"Россотрудничество" өкүлчүлүгүнүн Кыргызстандагы жетекчисинин милдетин аткаруучу Анастасия Брайловская белгилегендей, сынактын логотиби маданий кызматташтыктын негизине байланыштырылат.
"Россотрудничествонун тарыхы 100 жыл мурун – чет элдер менен маданий байланыштар коомунан башталган. Бүгүнкү күндө биз заманбап федералдык агенттик катары ошондой эле рух менен иштеп, салтты улантуудабыз", - деди ал.
Алина Молдокеева азыркы тапта 21 өлкөдөн өтүнмө түшкөнүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, өтүнмөлөрдү кабыл алуу 31-августка чейин узартылды.
Андан кийин эксперттик баалоо — 8-сентябрдан 28-сентябрга чейин, эл аралык добуш берүү — 6-октябрдан 19-октябрга чейин, сыйлыктарды ыйгаруу салтанаты — 28-30-октябрь аралыгында Москвада өткөрүлөт.