Бишкек, 26.08.25 /Кабар/. “Евразия” социалдык дүкөнү - муктаж жарандарды колдоо гана эмес, мамлекеттин социалдык саясатынын уландысы болуп саналат. Мамлекеттик органдар жана бейөкмөт уюмдар менен кызматташуу аркылуу социалдык жактан аярлуу катмарга кирген жарандардын маселелери натыйжалуу чечилүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэри Айбек Жунушалиев “Евразия" социалдык дүкөнүнүн расмий ачылышында билдирди.
Калаа башчысынын айтымында, учурда борбор калаада 118 миңден ашуун пенсионер, 15 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана 12 миңдей майыптыгы бар жарандар бар.
“Мэрия калктын аярлуу катмарына кирген жарандардын социалдык абалын жакшыртууга байланышкан бир катар иш-чараларды жүргүзүп келүүдө. Буга чейин жардам көрсөтүүчү 22 дарек (обьект) бар болсо, бул дүкөн алардын катарын толуктап 23сү болуп кошулду. “Евразия” дүкөнү — бул мамлекет менен жарандык коомдун натыйжалуу кызматташуусунун бир мисалы. Дүкөндүн иши миңдеген шаар тургундары үчүн олуттуу колдоо болуп, келечекте адилеттүү жана туруктуу социалдык чөйрөнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп ишенем”,-деди ал.
Токтогул көчөсү 146/1 дарегинде жайгашкан “Евразия” социалдык дүкөнү - пенсионерлерге, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга зарыл азык-түлүктөрдү базар баасынан төмөн, жеткиликтүү баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатын көздөйт жана Кыргызстан менен “Евразия" бейөкмөт уюмунун ортосундагы кызматташуунун алкагында ишке ашырылды.
Эске салсак, дүкөндүн расмий ачылышына “Евразия” уюмунун Координациялык кеңешинин төрайымы Алёна Аршинова, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин милдетин аткаруучу Канат Сагынбаев жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Белгилей кетсек, дүкөн коммерциялык максатты көздөбөйт. Ассортиментинде 100дөн ашык азык-түлүк болуп, сатып алуучулардын реалдуу муктаждыктарына жараша түзүлөт. Соода кылууну каалаган жарандарга жеке социалдык карта сунушталат.