ЭВФ Өзбекстанга пенсия жашын жогорулатууну сунуштайт

Борбор Азия Загрузка... 05 Май 2025 11:30
photo_05.jpg

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 05.05.2025. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. — Өзбекстанга пенсия жашын жогорулатуу мамлекеттик бюджетке түшкөн жүктү азайтуу жана демографиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн керектүү болушу мүмкүн. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондусун (ЭВФ) Өзбекстандагы кеңсесинин жетекчиси Коба Гвенетадзе билдирди.

Анын айтымында, пенсия төлөмдөрү мамлекеттик чыгымдардын маанилүү бөлүгүн түзөт жана калктын өсүшү реформанын зарылдыгын дагы күчөтөт.

«Пенсия жашын биртүк келтирүүнүн ордуна, аны акырындык менен жогорулатуу туура болот. Бирок алды менен реформанын концепциясын бекитүү керек. Акыркы чечим кандай ыкма тандалганына жараша болот», — деп белгиледи Гвенетадзе.

Өзбекстанда учурда эркектер 60 жашында, ал эми аялдар 55 жашында пенсияга чыгышат, бул эл аралык орто стандарттардан төмөн.