ЭВФ: АКШ бажы төлөмдөрү БА экономикасына терс таасир көрсөтүшү мүмкүн

Борбор Азия Загрузка... 05 Май 2025 13:03
b_05.webp

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 05.05.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. АКШнын жаңы бажы төлөмдөрү жана соода чыр-чатактары Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык өсүшүн жайлатышы мүмкүн. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн директорунун орун басары Танос Арванитис Ташкент шаарында өткөн экономикалык форумда билдирди.

Апрель айында АКШ Казакстандан ташылган товарларга 27 пайыздык бажы төлөмүн киргизсе, аймактагы башка өлкөлөр үчүн бул көрсөткүч 10 пайыз болуп белгиленген. Кийинчерээк Вашингтон бул чараларды үч айга токтото турганын жарыялады.

АКШга болгон экспорт Борбор Азия өлкөлөрүнүн ички дүң продукциясынын 0,5 пайызынан азыраак болсо да, ЭВФ мындай чектөөлөр аймактын экономикасына кошумча басым жасашы мүмкүн экенин эскертет. Соода тоскоолдуктары күчөгөн сайын дүйнөлүк рыноктогу туруксуздук да терс таасирин тийгизет.

ЭВФтин божомолуна ылайык, мындай жагдай жеткирүү тармактарынын үзгүлтүккө учурашына, түз инвестициялардын азайышына жана суроо-талаптын төмөндөшүнө алып келиши ыктымал. Бул болсо Борбор Азияда экономикалык өсүштүн ылдамдыгын басаңдатат.

Форум учурунда өзбекстандык экономист Бахтиёр Эргашев да билдирүү жасап, мындай тобокелдиктерге каршы аймактык мамлекеттер биргелешип аракет кылышы керектигин белгиледи. «Чийки зат экспортунан көз каранды өлкөлөр дүйнөлүк соодадагы өзгөрүүлөргө өтө сезимтал келишет. Ошондуктан Борбор Азия мамлекеттери өз ара кызматташтыкты бекемдеп, ички рынокту өнүктүрүү багытында жалпы саясат жүргүзүшү зарыл», — деди ал.

ЭВФ азырынча бажы төлөмдөрүнүн түз таасири чектелүү экенин белгилегени менен, соода жана каржы тармагындагы тобокелдиктердин айкалышы аймактын туруктуу өнүгүшүнө олуттуу коркунуч жаратат деп эсептейт.