Euronews Өзбекстанда өзүнүн кеңсесин ачууга ниеттенүүдө

Борбор Азия Загрузка... 12 Июнь 2025 13:10
photo_12_0.jpg
copyright icon Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 12.06.25. /Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Euronews медиа-холдингинин директорлор кеңешинин төрагасы Педро Варгас менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда телеканалдын Ташкент шаарында расмий кеңсе ачуусу жана маалымат тармагындагы кызматташтыктын келечеги талкууланды. Президент Мирзиёев Euronews Academy билим берүү долбоору аркылуу өзбек журналисттерин окутуу планына толук колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Белгиленгендей, бул демилгелер Өзбекстандын дүйнөлүк маалымат мейкиндигиндеги ордун чыңдоого жана жергиликтүү журналисттердин кесиптик өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга өбөлгө түзөт.

Маалымат үчүн: Euronews — дүйнөдөгү эң ири эл аралык жаңылыктар телеканалдарынын бири. 1993-жылы Франциянын Лион шаарында негизделген. Телеканал 13 тилде, анын ичинде англис, француз, орус жана араб тилдеринде маалымат таратат. Аудиториясы 160 өлкөдөгү 400 миллиондон ашуун үй-бүлөнү камтыйт.