Эттин баасын көзөмөлдөө. Эки айда 70ке жакын ишкерге чара көрүлдү

Укук тартиби Загрузка... 14 Октябрь 2025 12:30
21725-6-v_minselhoze_ne_schita_ru-scaled-1.jpg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.10.25 /Кабар/. 10-августтан бери өлкө аймагында эттин баасына мониторинг жүргүзүү маалында эрежелерди бузган 70ке жакын ишкерге карата тиешелүү чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев “Кабар” агенттигинин “Элден собол” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч мурунку жылдарга салыштырмалуу бир топ жогору.

“Учурда анализ жүргүзүлүп жатат. Мурда адатта, октябрь айында малдын баасы төмөндөчү. Бирок, быйыл тескерисинче эттин баасы кымбаттап жатат. Биз анын себебин терең изилдеп, тактап, анализ жүргүзүп жатабыз. Ортомчулардын таасири барбы деп да карадык. Бирок, чынында эле, эттин дүң баасы учурда 650 сомго жетиптир”,- деди Орозбаев.

Ал белгилегендей, учурда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы баанын негизсиз көтөрүлүшүнүн алдын алуу боюнча иштерди улантууда.