Эттин баасын турукташтыруу. Бишкекте ири базарлар фермерлерге акысыз соода аянтчасын берет

Экономика 14 ноябрь 2025 16:30
362894.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_8705.png
IMG_8718.png
IMG_8712.png
IMG_8707.png
IMG_8697.png
IMG_8686.png
IMG_8674.png
Алдыга
Артка
362894.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG_8705.png
IMG_8718.png
IMG_8712.png
IMG_8707.png
IMG_8697.png
IMG_8686.png
IMG_8674.png
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 14.11.25. /Кабар/. Бүгүн экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана борбор калаадагы ири базарлардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу эттин баасын турукташтыруу маселеси боюнча уюштурулган.

Министр Сыдыков базар жетекчилерине кайрылып, социалдык маанидеги бардык азык-түлүк түрлөрү боюнча мониторинг күчөтүлөрүн баса белгиледи.

"Антимонополиялык жөнгө салуу кызматы тарабынан белгиленген баалар так сакталуусу керек. Баанын турукташына сырттан гана көз салып турбастан, реалдуу салым кошууга чакырам", – деди министр Б. Сыдыков.

Өз кезегинде "Дордой-Дыйкан" базарынын жетекчиси Эркин Салымбеков фермерлерге 3 айлык мөөнөткө эт сатуу үчүн соода орундарын акысыз берүүгө даяр экенин билдирди.
"Биз керектүү шартты түзүп берүүгө, муздаткыч жабдуулары менен камсыздоого даярбыз", – деп белгиледи ал.

Ошондой эле борбор калаадагы Ош базары (узак мөөнөткө сактоого ылайыктуу кургак азыктарга) жана Аламедин (эт багыты боюнча) базарлары дагы фермерлерге соода аянтчаларын акысыз негизде берүүгө даяр экендигин билдиришти.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Муратбек Иманкулов акыркы 3 ай ичинде 2 900 объектке карата 677 мониторинг жүргүзүлгөнүн маалымдады.

"Бул аралыкта 17 субъектке көрсөтмө берилип, жалпы суммасы 316 миң сомду түзгөн 78 айып салынды. Мындан ары социалдык маанидеги азыктарга болгон баага байланыштуу системалуу жана күчөтүлгөн тартипте мониторинг жүргүзүлөт", – деди ал.