Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Бишкек шаарында эттин баасын турукташтыруу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында ири долбоорду ишке ашыра баштады.
Ведомствонун маалыматына караганда, долбоордун алкагында Чүй облусунда ири көлөмдөгү бодо мал бордоп семиртүүчү чарбалар уюштурулат.
"Бул иштер министрликтин өз каражатынын эсебинен каржыланат. Баштапкы этапта 2 500 баш бодо мал бордоого киргизилет. Жакынкы эки жылдын ичинде бул көрсөткүч этап-этабы менен кеңейтилип, бордоп семиртилүүчү малдын саны 20 миң башка жеткирилет", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик бул демилге ички рынокту эт менен ишенимдүү камсыздоодон сырткары, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилейт.