Этнобазарда аба ырайына карабай соода кызуу жүрүүдө – сүрөттөр

Көчмөндөр оюндары-2026 4 сентябрь 2026 17:55
WhatsApp Image 2026-09-04 at 14.41.30.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-04 at 14.41.30 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-04 at 14.41.30.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-04 at 14.41.15.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-04 at 14.41.07.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-04 at 14.41.00.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-04 at 14.40.53 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-04 at 14.40.44.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-04 at 14.40.35.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 04.09.26 /Кабар/. Нөшөрлөгөн жамгырга карабастан, Кырчын жайлоосундагы этнобазардасоода кызуу жүрүп, казандарда аш демделип, шорпо кайнап жатат. Эс алуучулар ысык чай ичип, жамгырдан калкалануу менен бирге улуттук тамак-аштардан даам сызып отурушат.

Аба ырайынын өзгөрүшү Көчмөндөр оюндарынын меймандарынын маанайына таасир эткен жок. Алар кыргыздын улуттук кийимдерине, кол өнөрчүлүк буюмдарына жана салттуу жасалгаларына кызыгып, соода күркөлөрүн кыдырышууда.

Көпчүлүк меймандар жамгырга карабай сүрөткө түшүп, Кырчын жайлоосундагы өзгөчө көрүнүштөрдү тартып алышууда.