Этият болуңуз, жасалма акча! Бишкекте автобус айдоочусу алдамчылыкка туш болду

Коом Загрузка... 14 Май 2026 17:35
3417646.fd51bd57bcd.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 14.05.26. /Кабар/. Бишкек шаарында №42 автобус каттамын тейлеген айдоочу эки жолу алдамчылыктын курмандыгы болгон.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жүргүнчү жол кирени төлөө учурунда 200 сомдук жасалма акча купюраларын колдонгон. Айдоочу банкноттордун жасалма экенин дароо байкаган эмес.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун коомдук тартипти сактоого, коомдук транспорттун кызматкерлерине сый-урмат менен мамиле кылууга жана мыйзамга каршы аракеттерден алыс болууга чакырат.