Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Кадамжайда азык-түлүк жарманкеси өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Жарманкеге жергиликтүү дыйкандар, фермерлер жана кайра иштетүүчүлөр катышып; эт жана сүт азыктарын, жашылча-жемиштерди, дан азыктарын, экологиялык таза айыл чарба продукцияларын сунушташты.
Жарманкеде уйдун эти 640 сомдон, койдун эти 650 сомдон болсо, картошканын баасы 45 сомдон сатылып, базар баасынан бир топ арзан болду.