Бишкек шаарында ири курулуш объекттеринде иш кызуу жүрүүдө. Борбор калаанын ичинде арты-артынан жолдор салынып, жаңы жол түйүндөрү курулууда. Ошол эле маалда “Манас” эл аралык аэропортун реконструкциялоо, жаңы “Ош” базарды куруу иштери уланууда. Ал эми жаңы автобекетте, стадиондо курулушчулар тынымсыз иш үстүндө. “Кабар” агенттиги курулуш объекттери тууралуу алдыда кененирек айтып берет.
10 миңден ашык соода орундуу жаңы “Ош” базар

Бишкекте ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болгон жаңы “Ош” базардын курулушунун басымдуу бөлүгү аяктап калды. Базар комплексинин жалпы аянты 155 миң чарчы метрди түзөт. Имарат эки кабаттан жана бир жер алдындагы деңгээлден турат.

Долбоор боюнча жалпысынан 10 миңден ашык соода орду каралган. Ар бир блокто аянттар соода багыттарына жараша бөлүштүрүлөт. Базарда сатуучулар жана кардарлар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Тактап айтканда, кампалар, унаа токтотуучу жайлар жана жылдын бардык мезгилинде үзгүлтүксүз соода жүргүзүүгө мүмкүн болгон зарыл шарттар каралган. Курулуш иштерин ушул жылдын август айына чейин толук аяктоо пландалып жатат.

Белгилей кетсек, учурда борбор шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкан “Ош” базары жаңы соода-базар комплекси толук бүткөндөн кийин гана көчүрүлөрү айтылган болчу. Азыркы базардын бошогон аймагына эс алуу үчүн заманбап жашыл зона түзүү каралган.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай борбор калаада дагы бир көзгө көрүнөрлүк ири курулуш объектиси деп саналган "Бишкек Арена" стадионунда тынымсыз иштер жүрүүдө. 2023-жылы 30-августта Орок айылында курулушка капсула салынып, 2024-жылы негизги курулуш иштери башталган. Долбоорду 2026-жылдын 31-августунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы менен пайдаланууга берүү пландалууда. Баштапкы долбоор боюнча стадион 45 миң көрүүчүгө ылайыкталган. Бирок кийин FIFA`нын талаптарына ылайык долбоор кайрадан иштелип чыгып, анын сыйымдуулугу 51 миң орунга чейин көбөйтүлдү. Муну менен ал Борбор Азиядагы эң чоң стадион болуп калмакчы.

31-августта бул стадиондо Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы өтөт. Оюнга катышкан командалар парады өлкө башчыларынын катышуусунда өтүп, чакан концерттик программа тартууланат. "Бишкек Аренанын" расмий ачылыш салтанаты жалпы кыргызстандыктардын катышуусунда сентябрдын аягына чейин өтмөкчү.

Бишкек шаарында курулуп жаткан дагы бир жаңы имарат бул заманбап автобекет комплекси.

Долбоорго ылайык, автобекет 9 блоктон турат. Алар:
- айдоочулар жана кызматкерлер үчүн мейманкана,
- күтүү залы,
- перрон,
- административдик имарат,
- коммерциялык жайлар,
- шаар аралык жана эл аралык автобустар үчүн унаа токтотуучу жайлар,
- жеңил жана башка унаалар үчүн токтотуучу жайлар.
Курулуш иштерин август айына чейин аяктоо күтүлүүдө.

Жаңы автобекет менен “Ош” базары пайдаланууга берилгенден кийин, Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуулукту эске алуу менен коомдук транспорт каттамдары кайра каралып чыгары белгиленүүдө.
Бишкекте мурдагы "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна заманбап маданий борбор курулууда

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы борбор калаада заманбап маданий борбордун курулушун улантууда. Долбоорго ылайык, заманбап үч кабаттуу имарат курулат. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,4 гектарды, ал эми имараттын жалпы аянты 7 490 чарчы метрди түзөт.

Маданий борбордо 420 орундуу кинотеатр, музыкалык жана театралдык класстар, 330 орундуу көргөзмө залы, фуд-корт, ошондой эле маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган көп функционалдуу мейкиндиктер каралган. 92 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жайы болот. Бүгүнкү күндө имараттын жер төлө бөлүгүнүн темир-бетон каркасын куруу иштери толугу менен аяктады. Учурда биринчи кабаттын колонналарын орнотуу, кабат аралык жабууну бетондоо иштерине даярдык көрүү, ошондой эле курулуш аянтында топуракты кайра толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Курулуш иштерин подрядчы компания аткарууда.

Масштабдуу реконструкциялоо иштеринин алкагында “Манас” эл аралык аэропортунун аэровокзал комплексинин башкы кире бериши ачылды. “Кыргызстан аэропорттору” ААКтан маалымдашкандай, ички жана тышкы жасалгалоо иштери уланууда, бирок жүргүнчүлөр жаңыланган борбордук кире беришти колдонууга мүмкүнчүлүк алышты.

Аэропортту модернизациялоо боюнча эң ири долбоор этап-этабы менен ишке ашырылып жатат. Бардык курулуш иштери аяктагандан кийин аэровокзал комплексинин жалпы аянты 60 миң чарчы метрге чейин кеңейтилет.
“Терминал менен ыңгайлуу жабык асма өтмөк аркылуу туташкан заманбап көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу аяктоо алдында турат. Биз эл аралык стандарттарга жооп берген, жүргүнчүлөр үчүн максималдуу ыңгайлуулукту камсыз кылган заманбап аэропортту куруп жатабыз”, - деп билдиришти “Кыргызстан аэропорттору” ААКтан..

Ошондой эле “Манас” эл аралык аэропортуна барчу жол оңдолууда. Ага ылайык, бүгүн, 13-июлда Васильевский тракт көчөсүн реконструкциялоонун төртүнчү этабы башталды. Бишкекте шаардын жол-транспорттук инфраструктурасын модернизациялоо боюнча иш-чаралардын алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен реконструкциялоо уланууда.

- Биринчи этап 23-26-июнь күндөрү аяктады. Мында жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн жол тилкеси реконструкцияланган.
- Экинчи этап 27-июндан 4-июлга чейин уланып, Фучик көчөсүнөн “Манас” эл аралык аэропортуна чейинки тилкени камтыган.
- Үчүнчү этап 5-12-июль күндөрү ишке ашырылган. Анда Комсомол көчөсүнөн Чоң Чүй каналына чейинки 7 чакырымдык тилкеде иштер жүргүзүлгөн.
- Төртүнчү этап бүгүн, 13-июлдан башталды. Бул этаптын алкагында аэропорттон Манас айылына чейинки тилкеде жолдун чыгыш тарабы жабылат. Унаа кыймылы үчүн жолдун бир тарабы ачык болот.
Бишкек шаарында быйылкы жылга жалпысынан 120 чакырымга созулган жолдо курулуш иштери каралган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов билдирди.

Анын айтымында, бул иштер учурда 4 райондун акимчилиги, “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы жана Транспорт департаменти тарабынан аткарылууда. Анын ичинен Транспорт департаментине 77 чакырым тилкеде жол куруу иштерин жүргүзүү милдети жүктөлгөн.

“Бул жолдордун ичинен бир катар жолдорду салып, эксплуатацияга бердик. Атап айтсак, Дэн Сяопин проспектиси Фучик көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин толугу менен бүттү. Азыр тротуарларда бир аз жумуштар калды. Ал эми Лев Толстой көчөсүнүн Тимур Фрунзе көчөсү тарабындагы тилкесинде жол асфальтталып бүтүп, жол белгилери орнотулууда. Мындан тышкары, борбор калаада жаңы үч көчө салынып жатат: Ауэзов, Сухэ-Батор, Ахунбаев көчөсү. Бүгүнкү күндө 20 көчөдөгү жол тилкелеринде оңдоо иштери жүрүүдө. Айрым тилкелерде жумуштар 50-80%га аяктап калды”, - деп айтты ал.

Ошондой эле Абдыжапаркул Жанболотов белгилегендей, Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишине ири жол түйүнү курулууда. Анын алкагында эки көчөнүн кесилишине эстекадалык көпүрө жана Ала-Арча суусуна үч көпүрө салынат. Бул долбоорду жыл аягына чейин бүткөрүү пландалууда.