Эскизи толук даяр. "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластеринин курулушу уланууда

Аймак 7 июль 2025 14:50
WhatsApp_Image_bn920Fo.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_5zXHDNE.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_eJmrHgL.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_i4tW1dp.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_KesvbZK.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_uaE4ukG.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_vsK1YFF.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жана президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев "Жыргалаң" тоо курортундагы "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластеринин курулушу менен таанышты.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, жылына 2 миллионго чейин конокторду кабыл алууга эсептелген комплекстин 3D эскизи даярдалды.

Башкы план жана долбоорлоо документтери шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы тарабынан "Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте иштелип чыккан. Учурда долбоорлоо иштери аяктап, курулуш иштери башталды.

Ошондой эле "Жыргалаң" курорттук шаарча инженердик-геологиялык изилдөөлөрдөн өтүп, 5-4-3 жылдыздуу мейманкана, администрациянын имараты, медициналык пункт, атайын техникалар жана өзгөчө кырдаалдар үчүн каралган жай боюнча долбоордун архитектуралык бөлүгү иштелип чыкты.

Белгилей кетсек, аталган ири долбоор президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленип, учурда курулуш иштери жүрүп жатат.