Эскинин доору бүттү. Кайсы аэропорттор оңдолуп, кайсылары курулууда?

Коом Загрузка... 29 Май 2025 16:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 29.05.25./Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аэропортторунда курулуш-монтаждоо иштери, ошондой эле аэропорттун комплекстерин жана учуу тилкелерин кеңейтүү иштери активдүү жүрүп жатат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын инфраструктура жана аймактык өнүктүрүү боюнча директору билдирди.

Анын айтымында, «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жалпы аянты 18 миң чарчы метрден ашык жаңы аэровокзал курулууда. Нарын облустук аэропортунун аэровокзал комплексинин курулушу аяктап, учурда учуу тилкесинде капиталдык оңдоо иштери аяктап жатат.

"Раззаков" аэропортунда перронду кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Ошол эле учурда Бишкектеги “Манас” аэропортунун аэропорт комплексин куруу жана кеңейтүү иштери башталды. Учуп-конуу тилкесинде да активдүү калыбына келтирүү жана реконструкциялоо иштери жүрүүүдө. Долбоорго 220 техника жана 500дөн ашык жумушчу катышууда. Учурда учуу-конуу тилкесинин бир километрге жакыны биринчи катмары менен асфальтталган.

«Эми учактар ​​конгондо жумшак конот», - деп белгиледи Мамбетов.

Мындан сырткары, "Ош" эл аралык аэропортунда дагы жаңы терминал курулуп жатат. Кошумчалай кетсек, Каракол шаарындагы мурда 3350 метр болгон учуу тилкеси узартылууда, иш аяктагандан кийин аэропорт Airbus A320 жана A321 сыяктуу ири учактарды кабыл ала алат.