Бишкек, 24.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда эски унааларды электромобилдерге алмаштыруу боюнча мамлекеттик программа ишке ашырылат. Бул тууралуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларынын тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын маалыматына караганда, Бишкекте курулуп жаткан электромобиль заводу быйыл жыл аягына чейин же 2027-жылдын март-апрель айларында ишке кирет.
“Өзүбүздөн электромобилдер чыга баштайт. Жеңил машинадан баштап чоң автоунааларга чейин жасалат. Ошондо мамлекеттик программа түзүп, эски, бензин жана дизель менен жүргөндөрдүн баарын электромобилдерге алмаштыра баштайбыз. Мамлекеттик унаалардын баарын электромобилге өткөрөбүз”, — деди Садыр Жапаров.
Президенттин белгилегендей, аталган завод жылына 10 миңге жакын автоунаа чогултууга ылайыкталат. Ал өлкөдөгү унааларды толук электромобилдерге алмаштыруу 15–20 жылга созула турганын кошумчалады.
Маалымат үчүн: Акыркы жылдары Кыргызстанда экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, абанын кирденишин азайтуу жана “жашыл” экономиканы өнүктүрүү багытында масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Өлкө аймагында экологиялык жактан таза транспортторду колдоону күчөтүү, электр унааларына болгон салыктык жеңилдиктерди киргизүү жана зарыл болгон кубаттоочу инфраструктураларды түзүү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири болуп саналат.