Бишкек, 24.10.26. /Кабар/. 2021–2022-жылдардан бери Кыргызстандын жол тармагы үчүн 1,5 миңге жакын атайын техника сатып алынып, анын натыйжасында жолдорду асфальттоо көлөмү көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында эскирген техникалар болгон. Ал эми жол куруу жана оңдоо иштеринин олуттуу бөлүгү жеке компанияларга, анын ичинде Түркиянын жана Кытайдын подряддык уюмдарына берилчү.
"Мурда жолчулар эски ЗИЛ, ГАЗ-53 үлгүсүндөгү унааларды жана тракторлорду колдонушчу. Азыр болсо акыркы үлгүдөгү техникаларды сатып алдык. Ошондуктан бүгүнкү күндө жылына 2 миң чакырымга чейин жолду асфальттоого мүмкүнчүлүк түзүлдү", — деди Садыр Жапаров.
Ал белгилегендей, 2021–2022-жылдардан тартып министрлик жолдорду асфальттоо иштерин өз күчү менен аткара баштаган. Ошол эле учурда ата мекендик адистерге, анын ичинде тоннель куруу жаатында дагы тажрыйба топтоо зарыл.
Президент келечекте Кыргызстан жолдорду гана эмес, туннелдерди да өз алдынча кура ала турган деңгээлге жетерине ишеним билдирди.