Эски троллейбустар жаңы электробус болуп жасалууда. Аз күндө каттамга чыгат

Коом Загрузка... 04 Июнь 2025 17:24
WhatsApp Image 2025-06-04 at 16.26.55.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 04.06.25 /Кабар/. Бишкек шаарында калган мурунку троллейбустар эми электробус болуп өзгөрүп, шаар тургундарына кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Атап айтканда, пилоттук долбоордун негизинде контакттык троллейбустар кайра жабдууланып, автономдуу жүрүүчү электробус болуп жасалат.

Жогоруда аталган пилоттук долбоорду «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасы ишке ашырууда.

Маалыматта ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар порталына тендер жарыяланып, катышуучулардын жоктугунан улам ишкана аткаруучулар менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү айтылат. Буга байланыштуу долбоорду ишке ашырууга даярдыгын билдирген кытайлык подрядчы уюм менен келишим түзүлгөн.

Учурда кызуу жүрүп жаткан техникалык иштер июнь айынын аягында бүткөрүлөт. Андан соң, электробустар шаардык линияга сыноо режими менен чыгарылып, шаар тургундарына кызмат көрсөтүп баштайт.

Бул долбоор жаңы транспорттун натыйжалуулугун, үнөмдүүлүгүн жана экологиялык талаптарга жооп берүүсүн практика жүзүндө баалоого багытталганы айтылат.