"АгроТехЭкспо – 2026": Эски аянтта унаа кыймылына чектөө киргизилет

Коом
"АгроТехЭкспо – 2026": Эски аянтта унаа кыймылына чектөө киргизилет
copyright icon WWW

Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Бишкекте 21-25-октябрда Т. Усубалиев атындагы аянттын айланасындагы айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чектөө "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкелерине байланыштуу төмөнкү көчөлөргө киргизилүүдө:

  • Раззаков көчөсү – Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Орозбеков көчөсү – Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Эски аянт – Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки аймак;
  • Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын айланасы.

Ошондой эле жарманкеге келгендер үчүн Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаарындагы филиалынын жанында, мурдагы Тышкы иштер министрлигинин имаратынын аймагында унаа токтотуучу жай уюштурулат.