Робот-трактордон азык-түлүккө чейин: Бишкекте көргөзмө-жарманке өтөт

Коом 16 октябрь 2026 15:50
Робот-трактордон азык-түлүккө чейин: Бишкекте көргөзмө-жарманке өтөт
copyright icon Кабар

Бишкек, 16.10.26 /Кабар/. Бишкекте 23-25-октябрь күндөрү Турдакун Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо-2026" көргөзмөсү жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин уюштуруу-координация бөлүмүнүн башчысы Исхак Анарбеков билдирди.

Анын айтымында, иш-чараларга 300дөн ашык катышуучу, анын ичинде 100гө жакын кайра иштетүүчү ишкана жана 200дөн ашык фермердик чарба катышат. Көргөзмө алты багытты камтыйт. Алар:

  • инновациялар, илим жана санариптештирүү;
  • айыл чарба техникалары;
  • асыл тукум мал чарбачылыгы;
  • органикалык продукциялар;
  • элдик кол өнөрчүлүк;
  • азык-түлүк жарманкеси.
"Биздин максат – ата мекендик агроөнөр жай комплексинин жетишкендиктерин көрсөтүү, фермерлерди заманбап технологиялар менен тааныштыруу жана өндүрүүчүлөрдүн, ишкерлердин жана керектөөчүлөрдүн ортосунда кызматташууга шарт түзүү", – деди Исхак Анарбеков.

"Алтын күз" азык-түлүк жарманкесинде Кыргызстандын аймактарынан келген фермерлер жана ата мекендик өндүрүүчүлөр жашылча-жемиштерди, эт жана сүт азыктарын, балды, дан эгиндерин жана башка айыл чарба продукцияларын социалдык баада сунушташат.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, картошканын бир килограммын 25 сомдон, этти 660-770 сомдон сатуу пландалууда. Ошондой эле жарманкеде органикалык продукция үчүн өзүнчө аянтча уюштурулат.

Исхак Анарбеков белгилегендей, коноктор үчүн соода катарларынан тышкары көңүл ачуучу программа да даярдалат. Үч күн бою азыктардын даамын татуу иш-чаралары, мастер-класстар, концерттер, белектердин ойнотулушу жана келгендер үчүн сынактар өткөрүлөт. Алардын арасында алманы ылдам жеп бүтүү боюнча мелдеш жана башка гастрономиялык оюн-зооктор бар.

Айыл чарбасындагы кооперация, механизация жана инновациялык технологиялар департаментинин директорунун орун басары Жыргалбек Бардыбаевдин айтымында, көргөзмөдө ата мекендик жана чет өлкөлүк өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба техникасынын 300гө жакын түрү көрсөтүлөт. Алардын катарында John Deere, МТЗ, "Ростсельмаш", YTO, "Промагро", "Комсельмаш", FM World жана "Селто" бренддеринин техникалары бар.

Фермерлер заманбап техникалар менен таанышып, адистерден кеңеш алып, жабдууларды лизингге жана жеңилдетилген насыянын негизинде сатып алуунун шарттары тууралуу маалымат ала алышат.

"Аянтчада ар кандай өндүрүүчүлөрдүн техникалары көрсөтүлөт. Фермерлер компаниялардын өкүлдөрү менен түз байланышып, жабдуулардын техникалык мүнөздөмөлөрүн жана аларды сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн биле алышат. Ошондой эле лизинг жана жеңилдетилген насыя боюнча кеңештер берилет", – деди ал.

Инновациялык иштеп чыгууларга өзгөчө көңүл бурулат. Тактап айтканда, көргөзмөгө жасалма интеллект элементтери колдонулган, айрым иштерди айдоочусуз жана автономдуу түрдө аткара алган айыл чарба техникалары коюлат.

Быйыл биринчи жолу илимге, инновацияларга жана санариптештирүүгө арналган өзүнчө аянтча уюштурулат. Анда Кыргызстанда жасалган алгачкы спутниктин модели, топуракты талдоочу жабдуулар, үрөндөрдүн жаңы сорттору жана айыл чарбасына арналган заманбап санариптик чечимдер көрсөтүлөт.

Кырдаалдык аналитика жана изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Эрбол Замирбеков билдиргендей, келгендер айыл чарба жерлерине жана жайыттарга мониторинг жүргүзүүгө арналган мультиспектралдык дрондор менен да тааныша алышат. Мындан тышкары, жаан-чачынды жасалма жол менен чакырууда колдонулган технологиялар көрсөтүлөт.

"Быйыл илим, санариптештирүү жана инновациялар үчүн биринчи жолу өзүнчө аймак бөлүп жатабыз. Келгендер спутниктик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу билип, жерлерге мониторинг жүргүзүүчү жабдууларды көрүп, айыл чарбасында колдонууга боло турган заманбап иштеп чыгуулар менен тааныша алышат", – деп белгиледи Эрбол Замирбеков.

Өзүнчө стендде фермерлер үчүн иштелип чыккан iDiykan санариптик платформасы сунушталат. Адистин айтымында, анын жардамы менен айыл чарба өндүрүүчүлөрү керектүү маалымкаттарды алып, жеңилдетилген насыяга арыз берип жана документтерин тариздей алышат. Платформага "Түндүк" системасы аркылуу авторизациядан өтүп кирүүгө болот.

Аянтчада адистер келгендерге платформанын мүмкүнчүлүктөрү боюнча кеңеш берип, каттоодон өтүүгө жардам көрсөтүшөт. Мындан тышкары, үч күндүн ичинде каттоодон өткөн катышуучулардын арасында үч планшет ойнотулат.

Көргөзмөдө асыл тукум мал чарбачылыгына арналган өзүнчө бөлүм болот. Ага катышуу үчүн 38 фермердик чарба катталган. Келгендер абердин-ангус, галловей, герефорд жана симментал сыяктуу ар кандай породадагы малдарды көрө алышат. Ошондой эле жылкылардын түрдүү породалары көрсөтүлөт.

"Көргөзмөдө ата мекендик асыл тукум мал чарбачылыгынын жетишкендиктери көрсөтүлөт. Бул – өлкөдө багылып жаткан мал породаларын тааныштыруу жана фермердик чарбалардын мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү үчүн жакшы шарт", – деди Ветеринария, мал чарбачылыгын, жайыттарды жана тоютту өнүктүрүү кызматынын башкармалыгынын башчысы Бакытбек Раимжанов.

Мындан тышкары, келгендерге балык чарбасынын жетишкендиктери тааныштырылат. Өзүнчө аянтчада балыктын ар кандай түрлөрү, анын ичинде атайын бассейндерде кармалган балыктар көрсөтүлөт.

Ошентип, "АгроТехЭкспо-2026" көргөзмөсү жана "Алтын күз" жарманкеси заманбап айыл чарба техникасын, илимий иштеп чыгууларды жана фермердик чарбалардын жетишкендиктерин көрсөтүү менен бирге ата мекендик азык-түлүктөрдү сатып алууга жана майрамдык программага катышууга мүмкүнчүлүк берет.

Уюштуруучулар фермерлерди, ишкерлерди, борбор калаанын тургундарын жана конокторун иш-чараларга 23-25-октябрь күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин келип кетүүгө чакырат.