Бишкекте "АгроТехЭкспо" көргөзмөсү жана "Алтын күз" жарманкеси өтөт

Коом
Бишкекте "АгроТехЭкспо" көргөзмөсү жана "Алтын күз" жарманкеси өтөт
copyright icon WWW

Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. 23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" көргөзмөсү жана "Алтын күз" жарманкеси өтөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, иш-чара саат 09:00дөн 18:00гө чейин уюштурулат.

"Көргөзмөдө айыл чарба техникалары, заманбап технологиялар, мультиспектралдык дрон жана дыйкандарга арналган iDiykan санариптик платформасы көрсөтүлөт. Ошондой эле асыл тукум мал жана балык чарбасынын жетишкендиктери менен таанышууга болот", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми "Алтын күз" жарманкесинде өлкөнүн аймактарынан келген фермерлер жана ата мекендик өндүрүүчүлөр жашылча-жемиш, эт, сүт азыктары, бал жана башка айыл чарба продукцияларын социалдык баада сунушташат. Анда картошка 25 сомдон, эт 770 сомдон сатылат.

Иш-чара Бактияр Токторов, Иса Өмүркулов, Саламат Садыкова, "Эл шайырлары" сыяктуу артисттердин катышуусундагы концерт жана оюн-зоок программалары менен коштолот.