Эскертүү! Ашууларда кар көчкү коркунучу жарыяланды

Кырсык Загрузка... 25 Февраль 2026 12:02
WhatsApp Image 2026-01-16 at 16.14.10.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 25.02.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкүгө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 26-февралдан 28-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, атап айтканда:

  • Бишкек – Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашууда,Чычкан капчыгайы жана Ала-Бел ашуусунда;
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда;
  • Красная-Горка – Акташ унаа жолунун 0-3-чакырымдарында;
  • Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун 97-98-чакырымдарында;
  • Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда;
  • Арал – Миң-Куш унаа жолунун 1-14-чакырымдарында;
  • Арал – Суусамыр жолунун 8-21-чакырымдарында;
  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусунда;
  • Каракол – Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.